Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоорду даярдоо үчүн грант берүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Бишкек шаарында 2017-жылдын 7-июнунда кол коюлган  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоорду даярдоо үчүн грант берүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду.

Мыйзам  Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 28-июнунда  кабыл алынган.

Макулдашуу-кат Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча долбоордук документтерди даярдоо үчүн  грант алуу максатында кол коюлган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып  он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

1-август, 2017-жыл
Басып чыгаруу