Президент Алмазбек Атамбаев “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында бюджеттик уюмдар үчүн бухгалтердик эсеп жүргүзүүдө жана финансылык отчеттуулукту түзүүдө бирдиктүү усулдук негиз түзүүгө багытталган.

Өлкөлөр ортосундагы деңгээлде маалыматты салыштырууну талап кылган рынок капиталынын глобалдашуусуна байланыштуу Финансылык отчеттулуктун эл аралык стандарттарынын (ФОЭС) жана коомдук сектор үчүн Финансылык отчеттулуктун эл аралык стандарттарынын (КС ФОЭС) негизинде бухгалтердик стандарттардын улуттук системасы түзүлүүдө.

Мыйзамга ылайык, Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын алдындагы КС ФОЭС боюнча Кеңеш тарабынан иштелип чыккан Коомдук сектор үчүн финансылык отчеттулуктун эл аралык стандарттары Кыргыз Республикасынын аймагында бюджеттик мекемелер колдонгон бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн жана финансылык отчеттуулукту түзүүнүн бирдиктүү усулдук негизи болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

19-май, 2012-жыл
Басып чыгаруу