Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол койду

2012-жылдын 18-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”(“Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Мунай жана газ жөнүндө” мыйзамдарга) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган
Мыйзам аталган мыйзамдардын айрым статьяларында эскерилген мамлекеттик органдардын аталыштарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүндөгү орун алган өзгөрүүлөргө, ошондой эле мыйзамдык техниканын талаптарына ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.

Ошону менен катар, “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Мыйзамдын 6 жана 7-статьяларына өзгөртүүлөр киргизилген, ага ылайык, радиожыштыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комиссиясы жана байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө Жобо Өкмөттүн токтому менен бекитилет.(Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилчү).

Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик органдын ролун жогорулатуу каралган. Тактап айтканда, “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Мыйзамга толуктоолор киргизилген. Ага ылайык, байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мындан ары электр жана почта байланышынын монополист-ишканаларынын тарифтерин монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик органдын макулдугу менен гана бекитет. Ошондой эле, Кыргызтелеком дагы бааларды жана тарифтерди бекитүүдө өз чечимин монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик орган менен макулдашууга тийиш. Мындан тышкары, байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бааларды жөнгө салуу,тарифтерди белгилөө, кайра карап чыгуу жана бекитүү боюнча өз укугун монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик органдын макулдугу менен гана ишке ашыра алат.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

19-май, 2012-жыл
Басып чыгаруу