Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул Мыйзам  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 12-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам Эсептөө палатасынын төрагасы жакын туугандык мамиле күтүүгө мүмкүн болбогон мамлекеттик кызмат адамдарынын тизмеси камтылган “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Мыйзамдын 16-беренесине редакциялык  түзөтүүлөрдү киргизет.

Мыйзамда 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынышына байланыштуу мамлекеттик органдардын аталыштарындагы өзгөрүүлөр камтылган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

15-май, 2012-жыл
Басып чыгаруу