Президент Алмазбек Атамбаев “Кызматтык турак үй жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кызматтык турак жай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. 

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2012-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына кызматтык турак үй берүү тартибин өркүндөтүү. 

Мыйзамда жалдоочу менен жалдоо (ижара) келишимин түзүү аркылуу кызматтык турак үйдү берүүнүн жаңы тартиби каралган.

Кабыл алынган Мыйзам боюнча депутаттын же болбосо аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде Бишкек шаарында жана Бишкек шаарынан 20 чакырымга чейинки аралыктагы калктуу конуштарда турак жайы жок болгон учурда гана  кызматтык турак үйдөн батир алуу укугуна ээ болот.

Жогорку Кеңешке депутат болуп шайлангандан кийин жана депутаттык ишинин мезгилинде өзүнүн менчик укугуна тиешелүү болгон турак жайды же акысыз негизде алынган жер участогун жакын туугандарына же үчүнчү жактардын пайдасына берип койгон депутаттар кызматтык турак үйдөн батир алуу укугунан ажыратылат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

15-май, 2012-жыл
Басып чыгаруу