Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында 2017-жылдын 1-жарымында (январь-июнунда) жарандардын кайрылуулары менен жүргүзүлгөн иштер жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында 2017-жылдын январь-июнь айларында 5307 жарандын кайрылуулары боюнча иштер жүргүзүлдү, алардын ичинде:

- Жазуу жүзүндө (электрондук) кайрылуулар – 4244;

- Коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандар – 311;

- “Ишеним телефондору” аркылуу кайрылган жарандар – 380;

- Коомдук кабылдамаларга келип маалыматтык-укуктук кеңештерди жана түшүндүрмөлөрдү алган жарандар – 227;

- Биринчи радионун “Биринчи кабылдама” берүүсүнүн “түз эфирлери” аркылуу кайрылган жарандар – 145ти түздү.

Жазуу жүзүндө (электрондук) келген бардык 

4244 кайрылуулардын 4117си Президенттин Аппаратына, ал эми калган 127 кайрылуу  Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түштү.

Президенттин Аппаратына келип түшкөн 4117 кайрылуулардын 1604ү (же 39,0%) көзөмөлгө алынды, алардын 1340ы (83,5%), мөөнөтүндө аткарылды, 264 жарандын кайрылуулары (16,5%) аткарылууда.

Ал эми, 2513 кайрылуу (61,0%) маселелеринин тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу, сот жана укук коргоо органдарынын кароосуна жиберилип, жыйынтыктары боюнча жарандарга жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түшкөн 127 жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулардын 42си (33,1%) көзөмөлгө алынып, алардын 36сы (85,7%) аткарылды, ал эми 6 арыз (14,3%) аткарылууда.

4117 кайрылууну региондор боюнча бөлгөндө, эң көп арыздар, дооматтар жана сунуштар Бишкек шаарынын тургундарынан -
1710
(41,5%)келип түштү. Ал эми, Чүй областынан – 660 (16,0%), Ош областынын жана Ош шаарынан жашоочуларынан – 468 (11,4%), Ысык-Көл областынан – 356 (8,6%), Жалал-Абад областынан –
341 (8,3%), Нарын областынан – 179 (4,3%),Талас областынан –
107
(2,6%),Баткен областынан – 117 (2,8%), КМШ жана башка өлкөлөрдөн – 179 (4,3%) жарандын кайрылуулары катталды.

Жарандардын жалпы жазуу жүзүндөгү (электрондук)
4244 кайрылуулары тематикасы боюнча негизинен 9 багытта болду:

- соттордун жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча –
1386 кайрылуу (32,7%);

- турак-жай жана жеке үйлөрдү курууга жер участокторун бөлүштүрүп берүү боюнча – 548 (12,9%);

- саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият маселелери боюнча – 397 (9,3%);

- социалдык кызматтын иши, эмгек, ишке жайгаштыруу, эмгек акы, пенсия, пособие, жеңилдиктер жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча – 350 (8,2%);

- мамлекеттик сыйлыктар, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча – 210 (4,9%);

- курулуш, архитектура, транспорт жана байланыш маселелери боюнча – 88 (2,1 %);

- кредиттерди жоюу жана мөөнөтүн узартуу, кредиттерди жана ссудаларды берүү (төмөнкү пайызда же пайызы жок) – 86 (2,0%);

- коргоо, чек ара, мамлекеттик жана улуттук коопсуздук маселелери боюнча – 72 (1,7%);

- 2010-жылдын апрель жана июнь окуяларында жабыр тарткандарга жардам берүү боюнча – 77 (1,8%) кайрылуу.

Ал эми, калган 1030 жарандардын кайрылууларында (24,3%) социалдык-экономикалык жана турмуштагы башка көйгөйлүү маселелер камтылган.

2017-жылдын январь-июнунда “President.kg” расмий веб-сайтына республиканын бардык региондорунан, КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет мамлекеттерден жарандардын 897 электрондук кайрылуулары келип түштү, анын ичинде:

  • Бишкек шаарынан – 428 (же 47,7%);
  • Чүй областынан – 128 (14,3%);
  • Ысык-Көл областынан - 66 (7,4 %);
  • Ош областынан жана Ош шаарынан – 57 (6,3%);
  • Жалал-Абад областынан - 50 (5,6%);
  • Баткен областынан - 26 (2,9%);
  • Нарын областынан - 21 (2,3%);
  • Талас областынан - 16 (1,8%);
  • КМШ жана башка өлкөлөрдөн - 104 (11,6%).

Аталган мезгилде Кыргыз Республикасынын Президентинин Коомдук кабылдамалары аркылуу 311 жаран кабыл алынды, анын ичинде Бишкек шаарында – 77 (24,8%), Ош шаарында – 234 (75,2%), “ишеним телефондору” аркылуу 380 кайрылуу түшүп, алар боюнча тиешелүү кеңештер жана түшүндүрмөлөр берилди.

Ошондой эле, Биринчи радионун “Биринчи кабылдама” берүүсүнүн 8 “түз эфири” аркылуу 145 жарандын суроолору кабыл алынып, аларга жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

 

 

Басып чыгаруу