Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында 2017-жылдын 9 айында (январь-сентябрында) жарандардын кайрылуулары менен жүргүзүлгөн иштер жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында 2017-жылдын январь-сентябрь айларында 7542 жарандын кайрылуулары боюнча иштер жүргүзүлдү, алардын ичинде:

- Жазуу жүзүндө (электрондук) кайрылуулар – 6075;

- Коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандар – 428;

- “Ишеним телефондору” аркылуу кайрылган жарандар – 558;

- Коомдук кабылдамаларга келип маалыматтык-укуктук кеңештерди жана түшүндүрмөлөрдү алган жарандар – 297;

- Биринчи радионун “Биринчи кабылдама” берүүсүнүн “түз эфирлери” аркылуу кайрылган жарандар – 184тү түздү.

Жазуу жүзүндө (электрондук) келген бардык 6075 кайрылуулардын 5887си Президенттин Аппаратына, ал эми калган 188 кайрылуу  Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түштү.

Президенттин Аппаратына келип түшкөн 5887 кайрылуулардын 2407си (же 40,9%) көзөмөлгө алынды, алардын 1280и (90,6%), мөөнөтүндө аткарылды, 227 жарандын кайрылуулары (9,4%) аткарылууда.

Ал эми, 3480 кайрылуу (59,1%) маселелеринин тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу, сот жана укук коргоо органдарынын кароосуна жиберилип, жыйынтыктары боюнча жарандарга жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түшкөн 188 жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулардын 58и (30,8%) көзөмөлгө алынып, алардын 53ү (91,4%) аткарылды, ал эми 5 арыз (8,6%) аткарылууда.

5887 кайрылууну региондор боюнча бөлгөндө, эң көп арыздар, дооматтар жана сунуштар Бишкек шаарынын тургундарынан -
2473
(42,0%)келип түштү. Ал эми, Чүй областынан – 915 (15,5%), Ош областынын жана Ош шаарынан жашоочуларынан – 707 (12,0%), Жалал-Абад областынан – 517 (8,8%), Ысык-Көл областынан – 449 (7,6%), Нарын областынан – 268 (4,5%),Баткен областынан – 159 (2,7%),Талас областынан – 131 (2,2%),КМШ жана башка өлкөлөрдөн – 268 (4,5%) жарандын кайрылуулары катталды.

Жарандардын жалпы жазуу жүзүндөгү (электрондук)  6075 кайрылуулары тематикасы боюнча негизинен 9 багытта болду:

- соттордун жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча – 2040 кайрылуу (33,6%);

- турак-жай жана жеке үйлөрдү курууга жер участокторун бөлүштүрүп берүү боюнча – 767 (12,6%);

- саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият маселелери боюнча – 567 (9,3%);

- социалдык кызматтын иши, эмгек, ишке жайгаштыруу, эмгек акы, пенсия, пособие, жеңилдиктер жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча – 516 (8,5%);

- мамлекеттик сыйлыктар, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча – 320 (5,3%);

- курулуш, архитектура, транспорт жана байланыш маселелери боюнча – 129 (2,1 %);

- кредиттерди жоюу жана мөөнөтүн узартуу, кредиттерди жана ссудаларды берүү (төмөнкү пайызда же пайызы жок) – 114 (1,9%);

- коргоо, чек ара, мамлекеттик жана улуттук коопсуздук маселелери боюнча – 110 (1,8%);

- 2010-жылдын апрель жана июнь окуяларында жабыр тарткандарга жардам берүү боюнча – 98 (1,6%) кайрылуу.

Ал эми, калган 1528 жарандардын кайрылууларында (25,1%) социалдык-экономикалык жана турмуштагы башка көйгөйлүү маселелер камтылган.

2017-жылдын январь-сентябрында “President.kg” расмий веб-сайтына республиканын бардык региондорунан, КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет мамлекеттерден жарандардын 1223 электрондук кайрылуулары келип түштү, анын ичинде:

  • Бишкек шаарынан – 587 (же 47,9%);
  • Чүй областынан – 160 (13,1%);
  • Ош областынан жана Ош шаарынан – 88 (7,2%);
  • Ысык-Көл областынан - 88 (7,2 %);
  • Жалал-Абад областынан - 65 (5,3%);
  • Баткен областынан - 36 (2,9%);
  • Нарын областынан - 27 (2,2%);
  • Талас областынан - 16 (1,3%);
  • КМШ жана башка өлкөлөрдөн - 156 (12,7%). 

Аталган мезгилде Кыргыз Республикасынын Президентинин Коомдук кабылдамалары аркылуу 428 жаран кабыл алынды, анын ичинде Бишкек шаарында – 91 (23,6%), Ош шаарында – 337 (76,4%), “ишеним телефондору” аркылуу 558 кайрылуу түшүп, алар боюнча тиешелүү кеңештер жана түшүндүрмөлөр берилди.

Ошондой эле, Биринчи радионун “Биринчи кабылдама” берүүсүнүн 11 “түз эфирлери” аркылуу 184 жарандын суроолору кабыл алынып, аларга жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

 

 

Басып чыгаруу