"Манас" эпосу


“Манас” эпосу

“Манас”  эпосу кыргыздардын улуттук сыймыгы, ата-бабабыз үч миң жылдан ашык убакыттан бери басып өткөн тарыхий жолундагы руханий табылгаларынын, турмуштук  тажрыйбасынын, башынан кечирген окуялар жөнүндөгү маалыматтардын орчундууларын бүт чогулткан баалуу казынанын милдетин аткарып келе жаткан улуу мурасы.

Жанрдык белгилери боюнча “Манас” баатырдык эпос. Бирок анын мазмуну камтыган чек берген маалыматтарынын көлөмү баатырдык эпостун салттык алкагынын өлчөмүнөн алда канча кеңири жана терең. Анткени кылымдар бою кыргыздардын элдик топ катарындагы уюткусу ыдырабай, биримдигин жоготпоо үчүн жүргүзүп келген тынымсыз кармаштарын – туруктуулук, көктүк менен, көшөрүп жүргүзгөн күрөшүн баяндоого арналган бул чыгармадагы башкы тема – элдин эркиндиги, көз карандысыздыгы үчүн күрөш, сырттан басып кирген душмандарга каршы салгылаштарда көрсөтүлгөн эрдиктерди даңазалоо, калктын уюткусун түзгөн ата уулдар өкүлдөрүн ынтымакка, биримдикке чакыруу. Ошону менен бирге эл үлгүлүү жүрүш-туруш, мыкты сапаттардын элестүү мисалдарына таянуу менен калктын бардык муундарына, айрыкча жаштарга таалим-тарбия берүү.

“Манас”  эпосу - эл турмушунан алган орду, мааниси боюнча жалпы элдик эстелик-мурас. Бирок, ал бара-бара толукталып, жалпы элдик мааниге ээ, бүткүл калктын тагдырында зор роль ойногон маалымат-кабарлар менен мазмуну байып, улуттук маңыздагы өлбөс улуу мураска айланышы ыктымал.

“Манасты” жыйноо – тиешелүү мекемелерде сактоо, иликтөө, жарыялоо максаты менен эпосту эл оозунан жазып алуу. Кыргыз жергесине келген окумуштуулардын көпчүлүгү кыргыз элинин үрп-адаты менен оозеки чыгармачылыгына, өзгөчө “Манас” эпосуна аябагандай кызыгышкан. “Манас” эпосу жөнүндө биринчи жолу “Мажму ат-таварихте” эскерилет.

Казак окумуштуусу Ч.Валиханов кыргыз жерине үч жолу келген (1856, 1857, 1858). Ал саякаттарында кыргыз элинин оозеки адабиятын, тарыхын, этнографиясын изилдеген. “Манас” эпосунан “Көкөтөйдүн ашы” эпизодун жазып алган.

В.В.Радлов кыргыздарга үч жолу келип кеткен (1862, 1864, 1869). “Манас” эпопеясынын үч бөлүмүн тең жазып алган. “Манас” эпосунун В.В.Радлов жазып алган текстинин жалпы көлөмү 12454 сап ыр, анын 9449 сабы “Манас” эпосуна, калган 3005 сабы “Семетей” менен “Сейтек” эпосуна таандык.

Ы.Абдырахманов тарабынан манасчы Сагымбай Орозбак уулунан 1922-жылдан 1926-жылга чейин 4 жыл аралыгында эпостун “Манас” бөлүмү кагаз бетине түшүрүлгөн (180 378 сап ыр).

Саякбай Карала уулунун айтуусунда эпосту толук жазып алуу ишин К.Жумабаев, Ы.Абдырахманов, Ж.Рисов жана К.Кыдырбаева 1930-жылдан 1947-жылга чейин жазып алышкан. Бул мезгилде манасчыдан 500553 сап ыр көлөмүндөгү материал кагаз бетине түшүрүлгөн (“Манас” – 84 513 сап, “Семетей” – 316 157 сап, “Сейтек” – 84 697 сап, “Кенен”, “Алымсарык”, “Кулансарык” – 15 186 сап ыр).

“Манас” эпосун басмадан чыгаруу. “Манас” эпосу жөнүндө жазуу жүзүндөгү эң алгачкы маалымат “Мажму ат-таварихте” жолугат. 1856-жылы Ч.Валиханов тарабынан жазылып алынган “Көкөтөйдүн ашы” 1904-жылы “Жунгария очерктери” деген эмгегинде биринчи жолу орус тилинде басылып чыккан. В.В.Радлов жазып алган үзүндүлөрдүн кыргызчасы Санкт-Петербургда, немисчеси Лейпцигде 1885-жылы жарык көргөн. 1925-жылы Москвадан араб ариби менен Тыныбек жомокчунун айтуусунда “Семетей” эпосунан үзүндү жарык көргөн. Бул – “Манас” эпосунун совет доорунда жарык көргөн эң алгачкы тексти.

“Манасты” изилдөөнүн тарыхы. Эпосту изилдөө XIX кылымдын экинчи жарымынан башталып, манастаануу илими калыптанып, өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөргө ээ болду.

“Манас” эпосуна биринчи илимий пикир айткан адам Ч.Валиханов болгон. Окумуштуу “Манас” эпосунун салттык туруктуу окуяларынын бири “Көкөтөйдүн ашын” жазып алып, анын зор көркөм эстелик экендигин белгилеген. Чыгарманын биринчи бөлүгү менен таанышкан, “Семетейди” буруттардын “Одиссеясы” деп атап, “Манас” эпосу ногой дооруна таандык деп, эпостун жаралыш мезгили жөнүндө да алгач пикир айткан.

“Манас” эпосу менен кеңири таанышып, чыгарманын бардык окуяларын кагазга түшүрүүгө аракет жасап, кеңири илимий мүнөздө талдоо жүргүзүүгө ниеттенген белгилүү окумуштуу В.В.Радлов болгон. В.В.Радлов жазып алган материалдын илимий баалуулугу бөтөнчө зор. Баш сөзүндө бир катар илимий пикирлерин билдирген. Кыргыздарда сөз өнөрү, анын ичинде баатырдык эпос өзгөчө өнүккөндүгүн, эпостун бир катар олуттуу өзгөчөлүктөрүн туура байкап, адилеттүү баа берген. “Манас” эпосунун өзгөчө касиеттерин кыргыз элинин тарыхый жашоо-турмушу менен тыгыз байланышта карап, манасчылардын чыгармачылык өзгөчөлүктөрү, угуучу чөйрөнүн ролу өңдүү эпостун маанилүү маселелери боюнча айткан ой-пикирлери өзүнүн актуалдуулугун жоготпой келет.

“Манас” эпосун илимий изилдөөдө бөтөнчө орун В.М.Жирмунскийге таандык. Ал өзүнүн “Манас” эпосун изилдөөгө киришүү” аттуу эмгегинде тарыхый-салыштырып изилдөө ыкмасын колдонуп, “Манас” эпосунун көптөгөн проблемаларын жогорку илимий деңгээлде иликтеп чыккан. Бөтөнчө “Манас” эпосунда кеңири учурап, дүйнөлүк эросто салтка айланган жомоктук-фантастикалык мотивдерди салыштырып иликтейт да, эпостун сюжеттик курамына, образдар тутумуна, көркөм каражаттарына илимий талдоо жүргүзөт.

“Манас” эпосун изилдөөгө арналган ар түрдүү мүнөздөгү, мазмундагы миңден ашуун эмгек бар. Анын ичинде Б.М.Юнусалиев, Р.З.Кыдырбаева, С.Мусаев, Э.Абдылдаев, Р.Сарыпбековдордун эмгектерин бөтөнчө бөлүп көрсөтүүгө болот.

“Манасты” которуу – “Манас” эпосун таанытуу жана пропагандалоо үчүн башка элдердин тилине которуу. Кыргыз элинин эпосторунун ичинен эң биринчи жазылып алынганы да, башка элдердин тилине эң алгач которулганы да “Манас” эпосу. Эпосту башка тилдерге которуу маселелерине байланыштуу илимий пикирлерди айтууну белгилүү окумуштуу, котормочу Е.Д.Поливанов баштап, омоктуу бир топ ойлорун айткан.

“Манас” эпосунун башка тилдерде алгач баяндалышы “Мажму ат-таварихке” байланыштуу. Ушул чыгармада эпостун айрым окуялары тажик тилинде берилген. Эпостун В.В.Радлов жазып алган тексти өзүнүн котормосунда немисче 1885-жылы Лейпцигде жарык көргөн. Ч.Валиханов “Көкөтөйдүн ашын” кара сөз түрүндө которуп, “Жунгария очерктеринде” жарыялаган.

“Манасты” орус тилине которуу иштерине 1930–жылдары көңүл бурула баштаган. “СССР элдеринин эпосу” сериясынан Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча “Манас” эпосунун төрт томдугунун кыргыз-орус тилдеринде чыгышы “Манасты” которуудагы зор маанилүү окуя болгон.

"Манас” эпосунун үзүндүлөрү казак, орус, өзбек, англис, немец ж.б. дүйнөнүн көптөгөн тилдеринде жарык көргөн.

Басып чыгаруу