Кыргызстан менен Армениянын Президенттери өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандыгынын 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммалар менен алмашышты

Кыргыз Республикасынын Президенти  Сооронбай Жээнбеков менен Армениянын Президенти Серж Саргсян өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандыгынын 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммалары менен алмашышты.

«Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы достук мамилелер өз ара пайдалуу кызматташуунун жана конструктивдүү диалогдун негизинде мындан ары дагы тереңдеп жана кеңейтиле берет деп ишенем. Кыргыз-армян кызматташуусун Евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык бирикмелердин алкагында дагы жигердүү өнүктүрүп жаткандыгыбыз кубандырат. Ошону менен бирге  биздин өлкөлөр ортосунда  соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө зор мүмкүнчүлүктөр бар, аны биргелешип ишке ашырууга тийишпиз”, -деп белгиленет Кыргызстандын Президентинин  куттуктоосунда.

Сооронбай Жээнбеков Армениянын Президентине чың ден-соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигине зор ийгиликтерди, ал эми достук  мамиледеги армян элине тынчтык жана гүлдөп  өнүгүү каалады.

Өз кезегинде Армениянын Президенти Серж Саргсян өз куттуктоосунда  мамлекеттер аралык мамилелер көп кылымдар бою калыптанган достукка жана өлкөлөрдүн элдеринин өз ара урматтоосуна негизденгендигин белгиледи.

“Учурда кызматташуунун көп чөйрөсүндө  келечекке жакшы негиздер түптөлгөндүгүн, эки тараптуу  мамилени кыйла кеңейте турган конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүгүн канааттануу менен белгилеп кетким келет”, -деп белгиленет Армениянын Президентинин куттуктоосунда.

Серж Саргсян  эки тараптуу негизде армян-кыргыз  кызматташуусунун бардык комплексин мындан ары  өнүктүрүү боюнча, ошондой эле ЖККУнун, ЕАЭБдин, КМШнын жана башка көп тараптуу структуралардын алкактарында биргелешкен күч аракеттер эки өлкөнүн  элдеринин жыргалчылыгы үчүн, Түштүк Кавказда жана Борбор Азияда тынчтыкты  жана коопсуздукту чыңдоо кызыкчылыгында  мамлекеттер аралык өз ара аракеттенишүүнү кыйла жогорку деңгээлге чыгарууга мүмкүнчүлүк берет деген  ишенимин билдирди.

Армениянын Президенти Серж Саргсян Кыргызстандын Президенти  Сооронбай Жээнбековго чың ден-соолук жана бакубатчылык, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп  өнүгүү каалады.

9-январь, 2018-жыл
Басып чыгаруу