Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Таза Коом. Жаңы Доор» Улуттук стратегиясынын долбоору донорлук кеңештин мүчөлөрү менен талкууланды

2018-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын  Президенттик Аппараттын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын Улуттук кеңешинин катчысы Нурсулу Ахметова   Кыргыз Республикасын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту.

Жолугушуу өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык кеңешинин тең төрагаларынын демилгеси менен Европалык Союздун өкүлчүлүгүнүн кеңсесинде өткөрүлдү.

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен жолугушууда Улуттук кеңештин катчысы «Таза Коом. Жаңы Доор» 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоору менен тааныштырды.

Нурсулу Ахметова стратегиялык документте чагылдырылган өнүгүүнүн  артыкчылыктуу багыттары туурасында айтып берди. Стратегиянын негизги максаты  адамга багытталган. Анын укуктарын жана эркиндигин коргоо, жакшы жашоосуна  бардык ыңгайлуу шарттарды түзүү. 2040-жылга чейин өнүгүүгө ынтызар, мүмкүнчүлүгү бар жана өзгөрмөлүү дүйнөнүн шарттарына ыңгайлашкан, ошондой эле  өзү үчүн, үй-бүлөсү жана өлкөсү үчүн жоопкерчиликти сезген Кыргызстандын жаранынын – адамдын жаңы образы калыптандырылат.

Тараптар суроо жана жооп форматында Стратегиянын долбоорун талкуулашты, ошону менен бирге  «Таза Коом. Жаңы Доор» 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбооруна донорлук коомчулуктун сунуштарын жана комментарийлерин киргизүү мүмкүнчүлүгүн жана мөөнөтүн такташты.

Учурда Улуттук кеңештин катчылыгынын эксперттери коомдук талкуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтына жайгаштырылган  Стратегия -2040  долбооруна  келип түшкөн сунуштарды  киргизүү үчүн талдоодон өткөрүп жатышат.  Улуттук стратегиянын долбоору толукталып, жыйынтыкталган документ 2018-жылдын февралында Улуттук кеңештин  мүчөлөрүнүн кароосуна сунушталууга тийиш.

2018-жыл 26-январь