Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Айылды суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоору үчүн кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 13-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы „Айылды суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү“ долбоору үчүн кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 12-апрелинде кабыл алынган.

Аталган долбоордун максаты — айылдык коомчулукту суу менен жабдуу жана санитариянын кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу, суу менен камсыздоо жана санитария секторундагы колдонуучулардын институттарынын потенциалын бекемдөө.

Долбоорду ишке ашырууну Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каржылайт.

Долбоордун наркы 43,2 млн АКШ долларын түзөт. Анын ичинен: Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын гранты –16,2 млн АКШ доллары, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын насыясы — 19,8 млн АКШ доллары. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кошо каржылоосу — 7,2 млн АКШ доллары.

Аталган долбоор Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы тандалып алынган 53 айылда ишке ашырылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2018-жыл 19-май