Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция чөйрөсүндөгү компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүн өз ара түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция чөйрөсүндөгү компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүн өз ара түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 5-апрелинде кабыл алынган.

Макулдашуунун негизги максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн бири-биринин аймагында өзүлөрүнүн миграция чөйрөсүндөгү компетенттүү органдарын ачуу  болуп саналат.

Андан тышкары Макулдашуу өкүлчүлүктөрдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча адамдарды кабыл алууларын, жүргөн мамлекети менен түзүлгөн миграция чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди иштеп чыгууга, макулдашууга жана жүзөгө ашырууга катышуусун, зарыл учурда алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз мамлекеттеринин жарандарынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоосун көздөйт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2018-жыл 19-май