Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 29-мартында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты — электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын иштеп чыгууга мамлекеттик контракт түзүүдө Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын ылайыктуу коргоону камсыз кылуу.

»Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө» Мыйзамдын 12-1-беренесинин 1-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн электрондук эсептөө машиналары (мындан ары — ЭЭМ) үчүн программага же маалыматтар базасына карата мүлктүк укуктар, эгерде мамлекеттик контракт менен башкасы белгиленбесе, Кыргыз Республикасына таандык болуп, анын атынан, мамлекеттик заказчы иш жүргүзөт.

Мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын авторуна сый акы ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык, мүлктүк укуктарды алган жак тарабынан төлөнүп берилет. Сый акы төлөөнүн тартиби жана өлчөмү автор менен укук ээсинин ортосундагы келишимде белгиленет.

Ошондой эле Мыйзамдын 14-беренесинин 6-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүү боюнча, ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын расмий каттоо үчүн жөнөтүлгөн табыштаманы кароо мөөнөтү 6 айдан 2 айга кыскартылган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2018-жыл 19-май