Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө», «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө“, „Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 28-мартында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты — жашоого маанилүү дары каражаттардын жана медициналык буюмдардын Улуттук тизмегин бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын аныктоо.

Аталган максатта кабыл алынган Мыйзам менен «Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө», «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө» мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2018-жыл 19-май