Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Салыктык эмес кирешелер, ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Салыктык эмес кирешелер, ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 26-апрелинде кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — айрым мыйзам актыларынын ченемдерин салыктык эмес кирешелер жана ички аудит маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык келтирүү.

Ушул багытта аталган Мыйзам менен Патент мыйзамына, «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө», «Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө» Мыйзамы, «Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө», «Суу жөнүндөгү», «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө», «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө», «Ички аудит жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди жана «Жол фонду жөнүндө» Мыйзам күчүн жоготту деп таанылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2018-жыл 29-май