Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КР Коопсуздук кеңешинин Жумушчу тобу ӨКМ жана Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жол чарбасы департаментинин ишмердигиндеги коррупцияга кириптер тобокелчиликтерди талдоонун жыйынтыктарын талкуулады

КР Коопсуздук кеңешинин Жумушчу тобу ӨКМ жана Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жол чарбасы департаментинин ишмердигиндеги коррупцияга кириптер тобокелчиликтерди талдоонун жыйынтыктарын талкуулады

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Жумушчу тобу өзүнүн кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жол чарбасы департаментинин ишмердигиндеги коррупцияга кириптер тобокелчиликтерди талдоонун жыйынтыктарын талкуулады.

Борбор шаардын базарларында өрт чыгуу фактыларынын улам кайталанышы соода объектилеринин ээлери жана ижарачылары имарат жайлардын өрткө каршы жабдуулар менен жабдылышына, коопсуздук талаптарын сактоого жана өрт учурунда эвакуациялоо пландарын иштеп чыкканга көңүл бурушпаганын күбөлөндүрөт. Бул калк арасында өрттүн алдын алуу боюнча иштерди уюштуруу жетишсиз экенин көрсөтүп турат.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча Жумушчу тобунун мүчөлөрү Коопсуздук кеңешинин эксперттерине ӨКМ жетекчилиги менен бирдикте КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги системалык коррупциядан арылуу боюнча деталдаштырылган пландын долбоорун иштеп чыгып, кароого киргизүүнү сунуш кылышты.

Башкы прокуратура Эсеп палатасынын адистеринин катышуусу менен мыйзамда каралган тартипте Коопсуздук кеңешинин көз карандысыз эксперттенинин баяндамасында көрсөтүлгөн фактыларды кароо боюнча чара көрсүн жана өлкө мыйзамдарына ылайык аларга юридикалык баа берсин.

Коопсуздук кеңешинин Жумушчу тобунун жыйынында ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жол чарбасы департаментиндеги коррупциядан арылуу боюнча деталдаштырылган иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү да талкууланды.

Жумушчу тобу тарабынан аталган Пландын аткарылышына мониторинг жана баа берүү биринчи жолу жасалып жатат. 2018-жылдын май айында өткөрүлгөн аталган Пландын аткарылышына мониторингдин жыйынтыгы боюнча 126 (100%) коррупцияга каршы иш-чаралардын 80и (63,8%) аткарылганы, 6 иш-чара (4,8%) жарым жартылай аткарылганы жана 40 иш-чара (31,7%) аткарылбаганы аныкталган. Анын ичинен 25 иш-чара (19,8%) Транспорт жана жолдор министрлигинин деңгээлинде жана 15 иш-чара (11,9%) — кошо аткаруучулардын деңгээлинде.

Жогоруда айтылгандардан улам Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги деталдаштырылган иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча ишти тийиштүү деңгээлде жүргүзбөйт, аткаруунун мөөнөттөрүн бузат деген тыянак чыгарылган.

Жумушчу тобу Башкы прокуратурага коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууну камсыз кылбаган жооптуу жетекчилерге тартип мүнөзүндөгү чараларды көрүү жөнүндө прокурордук жооп кайтаруу актысын КР Өкмөтүнө киргизүүнү сунуш кылды.

2018-жыл 2-июнь