Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

Бүгүн, 23-августта  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга мамлекеттик визитинин алкагында Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрү болду.

Мамлекеттер башчылары эки өлкө ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө чоң маани бере тургандыктарын жана эки бир тууган элдердин ар тараптуу байланыштарын мындан ары карай кеңейтүүгө умтулушаарын белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков жана Гурбангулы Бердымухамедов сүйлөшүүлөр достуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана конструктивизм маанайында өткөнүн баса белгилешти.

Эки тараптуу мамилелердин абалы жана келечеги, регионалдык жана эл аралык күн тартибинде турган маселелер дыкат талкууланды. Анын ичинде суу-энергетикалык, транспорт, соода-экономикалык, саясий, айыл чарбасы, өнөр жайы, маданий-гуманитардык маселелер бар.

Кыргызстандын жана Түркмөнстандын Президенттери кызматташуунун бардык чөйрөлөрүндөгү эки тараптын тең мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу пайдалануу тууралуу бир пикирге келишти.

Тараптар мындан ары карай да ар тараптуу достук жана бир туугандык мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Президент Гурбангулы Бердымухаммедов 2018-жылдын сентябрында Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Түркмөнстандын делегациясы барат деп маалымдады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Гурбангулы Бердымухамедовду өзү үчүн ыңгайлуу учурда жооп иретинде визит менен Кыргызстанга келүүгө чакырды.

2018-жыл 23-август Ашхабад