Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Улан Эгизбаев каза болгондон кийин «Эрдик» медалы менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Эгизбаев Уланбек Токтосуновичти (каза болгондон кийин) „Эрдик“ медалы менен сыйлоо» жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө олуттуу колдоо көрсөткөндүгү, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө кошкон орчундуу салымы жана активдүү жарандык позициясы үчүн «Азаттык Медиа» мекемесинин журналисти Эгизбаев Уланбек Токтосунович (каза болгондон кийин) «Эрдик» медалы менен сыйланды.

2018-жыл 30-август