Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Австриянын Федералдык Президенти Александр Ван дер Беллен Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Австриянын Федералдык Президенти Александр Ван дер Беллен Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын Улуттук майрамына байланыштуу мен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кубануу менен жеткиргим келет.

Өткөн жылы биздин өлкөлөр дипломатиялык мамиленин 25 жылдыгын белгиледи. Мен биздин эки тараптуу ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Евросоюздун ортосундагы мамиле позитивдүү маанайда өнүгүп жатканына кубанычтамын.

Ушул убакыттан пайдаланып, сизге жакшы каалоо тилегимди билдирип, кыргыз элине жаркын келечек каалайм», — деп белгиленет Австриянын Федералдык Президентинин куттуктоосунда.

2018-жыл 31-август