Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Белорусиянын Президенти Александр Лукашенко   Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Беларусь   Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти  Сооронбай Жээнбековду жана  Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

 “Өткөн жылдардын аралыгында достуктун тарыхый байланыштарына таянып, өлкөлөрүбүз  эки тараптуу мамилелерди бардык багыттар боюнча өнүктүрүү жолунда олуттуу  алдыга жылдык, интеграциялык түзүмдөрдүн алкактарында өз ара натыйжалуу аракеттенишүүгө жетиштик.

Биргелешкен аракеттер менен белорус-кыргыз кызматташуусунун алкактарын кеңейтип, Беларусь  жана Кыргызстан  элдеринин  кызыкчылыктары үчүн саясый, экономикалык жана маданий диалогду күчөтө беребиз деп ишенем”,- деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Президент Александр Лукашенко Президент Сооронбай Жээнбековго чың ден- соолук, бакубатчылык жана жооптуу  мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми кыргыз элине   бакыт-таалай  жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2018-жыл 31-август