Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга расмий визитинин алкагында биргелешкен документтерге кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жана Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын тар курамда сүйлөшүүлөрүнүн жана Кыргызстан жана Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңештин отурумунун жыйынтыктары боюнча бүгүн, 1-сентябрда Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга расмий визитинин алкагында төмөнкү эки тараптуу документтерге кол коюлду:

1.Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Стратегиялык кызматташтык боюнча Башкы кеңешинин төртүнчү жыйынынын жыйынтыктары боюнча биргелешкен билдирүү;

2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү ортосунда техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, шайкештикти баалоо, аккредитациялоо жана метрология тармактарында кызматташуу

3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскер-финансы кызматташтыгы тууралуу протокол;

4.Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Түркия Республикасынын үй-бүлөө жана социалдык саясат министрлигинин кызматташтык тууралуу меморандум;

5.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча кызматташтыгы тууралуу макулдашуу;

6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1994-жылдын 14-октябрында Анкара шаарында кол коюлган аба каттамдарды түзүү боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү протоколу;

7.Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен «Маариф» Фондунун кызматташтык тууралуу Меморандум;

8.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн кардарларды коргоо жана рынокту көзөмөлдөө боюнча меморандум;

9.Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаменти менен Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек жана медициналык техника менен камсыз кылуу агенттиги менен өз ара түшүнүшүү боюнча меморандум;

10.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк достук ооруканасын ачуу, чогу иштетүү жана берүү жана Кыргызстандын жарандарынын Түркияда медициналык чөйрөдө билим алуу боюнча келишим;

11.Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Түркия Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен  «Ч. Айтматов маданий борборун» колдонуу боюнча меморандум;

12.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы бажы комитетин түзүү боюнча меморандум.

2018-жыл 1-сентябрь