Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин “ Саясат илими багытындагы ардактуу доктор ” наамы ыйгарылды.
Мамлекет Башчылары бүгүн, 2-сентябрда Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга эки күндүк визитинин алкагында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин медицина факультетинин жаңы имаратынын курулушуна капсула салышты.
Андан соң Кыргызстандын жана ТүркиянынПрезиденттерине университеттин “Ардактуу доктору” наамын ыйгаруу аземи болду.
Эки мамлекеттердин башчылары көрсөтүлгөн урмат-сыйы үчүн ыраазычылык билдиришип, студенттерге жана окутуучуларга окууда жана илимий иштерде ийгиликтерди каалашты.