Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда Бишкек шаарында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Мамлекет башчысы Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кире беришинде уюштурулган Султан Ибраимовдун турмуштук жолу жана эмгек ишмердигине арналган көргөзмөнү карап чыгып, театралдаштырылган концертти көрдү.
Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, Султан Ибраимов «Кыргыз Республикасынын Баатыры» ардактуу наамын ыйгарууга татыктуу жана тийиштүү Жарлыкка кол койгонго даяр экенин белгиледи.