Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кабул шаарындагы Мухаммед Пайгамбардын туулган күнүнө карата өтүп жаткан иш-чарадагы террордук актынын натыйжасында көптөгөн курмандыктарга байланыштуу Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Ашраф Гани Ахмадзайга көңүл айтты
«Кабул шаарындагы Мухаммед Пайгамбардын туулган күнүнө карата өтүп жаткан иш-чарада болгон террордук актынын натыйжасында көптөгөн курмандыктарга алып келген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, жапа чеккендер тезирээк сакайып кетишине тилектештигимди билдирем», -деп белгиленет.
Мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.