Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2018-жылдын 4-декабрында, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-казак кызматташуунун актуалдуу маселелерин, мурда жетишилген макулдашуулар кандай аткарылып жаткандыгын, ошондой эле алдыда боло турган көп тараптуу эл аралык иш-чараларга катышууну талкуулашты.

2018-жыл 4-декабрь