Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда КР Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Жолугушууда акча-кредиттик саясат, банк секторундагы азыркы абал, ошондой эле улуттук валютанын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Толкунбек Абдыгулов КР Улуттук банкынын 2018-жылдагы ишмердигинин алдын-ала жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялаган Жарлыгынын алкагында Улуттук банк тарабынан аткарылган иш-чаралар жөнүндө да айтып берди.

«2018-жылдын алдын ала жыйынтыктары боюнча Улуттук банктын кирешеси 2 млрд 100 млн сомду түздү. Улуттук банктын акча-кредиттик саясатынын курсу 2018-жылдын ичинде жыл башында белгиленген ориентирлерге дал келип, өлкөдөгү баанын туруктуулугун камсыздоо боюнча максатка жетүүгө багытталган», — деп белгиледи Толкунбек Абдыгулов.

Президент банк системасындагы туруктуулуктун маанисин белгилеп, мүмкүн болгон тышкы коркунучтарды максималдуу төмөндөтүү үчүн Улуттук банк эл аралык финансылык рыноктордогу абалга байкоо жүргүзүүсү зарыл экенин белгиледи.

Мындан тышкары өлкөнүн аймактарында банкоматтардын, ПОС-терминалдардын санын көбөйтүүнү жана ошондой эле 2019-жылы — Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тийиштүү чараларды ишке ашыруу боюнча тапшырмаларды берди.

Мамлекет башчысы ошондой эле банк тейлөөсү жана инфраструктурасы менен камтуу аймагын кеңейтүү үчүн региондорду өнүктүрүү боюнча чараларды ишке ашырууну улантуунун маанисин белгиледи.

«Мобилдүү эсептер жана төлөмдөрдү өнүктүрүү үчүн санарип куралдарды иштеп чыгып, киргизүү маанилүү», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

2019-жыл 10-январь