Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан — экологиялык таза агрардык азык-түлүктөр өлкөсү. Биздин максатыбыз — ушул жакшы атыбызды сактап калуу жана сапаттуу азык-түлүктөрдү Европанын, анын ичинде Германиянын да базарларына  жеткирүү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде Германиянын Мюнхен шаарында «Кыргызстан жана Бавария: инвестициялык мүмкүнчүлүктөр» кыргыз-герман бизнес-форумунда сөз сүйлөдү.

Төмөндө Мамлекет башчынын сүйлөгөн сөзү толук берилет:

«Урматтуу Хуберт Айвенгер мырза,

Урматтуу бизнес-форумунун катышуучулары,

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Бизнес-форумдун бардык катышуучуларына ысык салам айтам!

Бизнес-форумду мыкты уюштурган биздин германиялык досторубузга чын дилимден ыраазычылык билдирем.

Мен керемет шаар Мюнхенге биринчи жолу келдим. Шаардын архитектурасы жана кооз жайлары  адамды суктандырат.

Ушул калаада 155 жыл мурда дүйнөгө өлбөс-өчпөс чыгармаларын тартуулаган улуу композитор Рихард Штраус төрөлгөн.

Мюнхен, өзүнүн транзиттик жана өнөр-жай потенциалы менен Германиянын эң ири экономикалык борборлорунун бири болуп калды.

Бавария мамлекеттик китепканасы жана гениалдуу физик Макс Планк Коому Мюнхендин Европа илиминдеги бекем ээлеген ордун тактап турат.  

Биз азыр эле Ханс Зайдель атындагы Фонддо абдан мазмундуу жана пайдалуу жолугушуу өткөрдүк.

Кыргыз-герман карым-катнашын бардык багытта мындан ары карай өнүктүрүү керектигин дагы бир ирет тастыктадык. Өзгөчө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык боюнча.

Урматтуу достор,

Кыргызстан парламенттик демократияны куруу жана демократиялык баалуулуктарды бекемдөө жолунда ишенимдүү бара жатат.

Биздин мамлекет өзүнүн экономикасын рыноктук принциптердин жана адилеттүү атаандаштыктын негизинде өнүктүрүүдө. 

Бүгүн биз менен бирге ар кандай тармактарда бай тажрыйбасы бар Кыргызстандык ишкерлер келди. 

Биздин ишкерлер германиялык ишканалар менен тыгыз кызматташууга кызыкдар.

Экономиканын реалдуу кыймылдаткычы силер экениңерди биз жакшы түшүнөбүз, урматтуу бизнес өкүлдөрү. 

Тилекке каршы, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн абалы жөнүндөгү маалыматтар мүмкүнчүлүктөрдүн толук пайдаланылбай жатканынан кабар берет.

Акыркы үч жылда өсүү болгону менен 2018-жылы бул көрсөткүч болгону 80 млн долларды түзгөн.

Ушул жерде биздин тарыхый байланышыбызды эскерип кетүү туура болчудай.

140 жыл мурда эле биздин ата-бабаларыбыз экономикалык кызматташтык боюнча кыйла ийгиликтерди жараткан.

Алгачкы немис көчмөндөрү Кыргызстандын Талас шаарында жайгашып, чарба жүргүзүүнүн үлгүсүн көрсөтүшкөн.

Немистердин жер иштетүү ыкмалары, немистердин тегирмендери жана нан бышыруучу жайлар кыргыз айылдарына гана эмес, Борбор Азиядагы бардык жашоочуларга үлгү болгон.

XX кылымдын 90-жылдарына чейин Кыргызстанда 100 миңге жакын немис жашаган».

Алардын көпчүлүгү азыр да Кыргызстанды жылуу эскеришет, биздин өлкө менен бекем байланыштары бар.

Алар эки өлкөнүн ортосундагы достук көпүрөсү болушат.

Бүгүн биздин ишкерлер чөйрөсүндө жаңы мамилелер пайда болуп, конкреттүү натыйжаларга жетишебиз деген үмүттөбүз.

Алар биздин өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташуунун өнүгүшүнө олуттуу салым кошот.

Урматтуу бизнес-форумдун катышуучулары,

Германиянын ишкерлер чөйрөсүнүн көңүлүн төмөндөгүлөргө бургум келет:

Өлкөбүздүн географиялык жактан жагымдуу жайгашуусу, бай жаратылыш ресурстары жана тажрыйбалуу, арзан жумушчу күчү — биздин табигый артыкчылыктарыбыз болуп саналат.

Өлкөдөгү ийкемдүү билим берүү системасы кыска мөөнөттүн ичинде керектүү персоналды даярдай алат.

Биз жагымдуу инвестициялык климатты, саясий жана макроэкономикалык туруктуулукту түзө алдык.

Биз Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки узак мөөнөттүү Стратегиясын кабыл алдык.

Экономиканын артыкчылыктуу тармактарын аныктадык.

Алар — энергетика, тоо-кен жана жеңил өнөр-жайлары, айыл чарба жана кайра иштетүү, транспорт жана туризм.

Стратегияда аймактарды өнүктүрүү, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу маселелерине өзгөчө орун берилген.

Бизде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн колдонулбай келген чоң мүмкүнчүлүк бар.

Биздин кызматташтыктын келечектүү багыттарынын бири — өлкөдө биргелешкен кыргыз-герман ишканаларын түзүү боло алат.

Регион боюнча бизде башкаларга караганда либералдуу салыктык режимдер иштейт.

Пайда салыгы жана киреше салыгы болгону 10%дан болсо, ал эми кошумча нарк салыгы — 12%ды түзөт.

Арзан баадагы ресурстарга мүмкүндүк алуу, анын ичинде арзан эмгек күчү жана электр энергиясы биргелешкен ишканалар үчүн салыштырмалуу артыкчылык берет.

Бизде электр энергиясынын баасы КМШ өлкөлөрүнүн ичинде эң арзан болуп саналат.   

Кыргыз Республикасында экономиканын бардык тармактары тышкы инвесторлор үчүн ачык.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк инструменти активдүү ишке ашырылууда.

Инвесторлор үчүн өнөр-жайдагы аймактык долбоорлорду ишке ашырууда  сезилерлик салыктык жеңилдиктер берилген.

Азыркы кезде жүргүзүлүп жаткан сот-укуктук реформасы менчик укугуна жана келишимдик укуктарды сактоого ишенимдүү кепилдик берет.

Кыргыз Республикасында 2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы кодекстер менен мыйзамдар күчүнө кирди.

Эми инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча бекем укуктук пайдубал пайда болду.

«Түндүк» электрондук Өкмөт программасы кабыл алынды.

Ал мамлекеттик органдардын калкка кызмат көрсөтүүсүн жакшыртууга жана коррупция менен күрөшүүгө багытталган.

Мындан ары коррупция менен күрөшүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарынын борборунда кала берет.

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчөлүгү 180-миллиондук рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн ачат.

Тоолуу рельефин жана ажайып жаратылышын эске алганда Кыргызстан туризмдин ар кандай түрлөрүн өнүктүрүү үчүн абдан жагымдуу.

Бизде коруктардын, биосфералык аймактардын жана экологиялык зоналардын жана курорттук ден соолукту чыңдоочу жайларынын саны абдан көп.

 Кыргызстандын өкүлдөрү жыл сайын дүйнөдөгү эң ири туристтик жарманкеге —  «Берлиндеги эл аралык туристтик биржага» катышышат.

Бизде альпинисттер, аң уулоочулар жана Улуу Жибек жолундагы тарыхый эстеликтерди изилдөөчү туристтер үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөр бар.

Кыргызстан  дүйнөнүн 52 өлкөсүнө,  анын ичинде Германияга бир тараптуу виза режимин киргизген аймактагы алгачкы өлкөлөрдүн бири.

Эл аралык туристтик уюмдардын маалыматтары боюнча 2012-жылы Германиядан Кыргызстанга барган туристтердин саны 7 миңдей болсо, 2018-жылы 22 миңге жакын адам болгон.

Азыркы убакта Кыргызстан ВСП+ макамын алган Борбордук Азиядагы жападан жалгыз өлкө болуп саналат.

Биз бул үчүн европалык тарапка ыраазыбыз.

Ошого карабастан аталган инструментти толук кандуу колдонуу үчүн  мында ары да  бизге колдоо керек.

Бүгүнү күндө  кыргыз айыл чарба өндүрүүчүлөрү  европалык жана дүйнөлүк рынокко продукцияларын чыгаруу үчүн товарлардын сапаты тууралуу сертификатты кымбат баада алууга мажбур болууда.

Кыргызстанда биргелешкен фито-санитардык жана ветеринардык лабораторияларды түзүүгө чакырам.

Кыргызстан  жаңы типтеги  жогорку технологиялуу, ыңгайлуу  жана экологиялык таза өнөр-жайга муктаж.

Биз  жашыл экономикада, энергияны үнөмдөө, энергиянын кайра жаралуу булактарын табууда, биоинженердик жана нанотехнология тармактарында  жаңы технологияларды жана инновацияларды түзүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүүгө даярбыз.

Урматтуу достор,

Ишкер чөйрөгө жагымдуу шарттарды түзүү, айрыкча чакан жана орто бизнеске  немец инвестицияларын тартуу биз үчүн актуалдуу.

Аталган максатта Кыргызстанда германиялык экономиканын өкүлчүлүгүн ачуу, стратегиялык кызматташтык боюнча ишкерлер Кеңешин түзүү зарыл.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Маалым болгондой, Баварияда кооперативдер системасы кеңири өнүккөн, ар бир төртүнчү киши кооператив мүчөсү болуп саналат.

Бул системанын германиялык тажрыйбасы Кыргызстанда 1998-1999- жылдары киргизилген.

Жыйынтыгында өлкөдө айыл чарба тармагында 150гө жакын  кооперативдер уюштурулган.

Кыргызстанда ошондой эле кредиттик кооперативдер бар.

Биз агрардык азык-түлүк, асыл тукум жана үрөнчүлүк  жана кайра иштетүү  тармактарында кызматташууга кызыкдарбыз.

Кыргызстан — экологиялык таза айыл чарба продукциялардын  өлкөсү.

Биздин максат — ушул жакшы атыбызды сактап калуу жана сапаттуу продукцияларды  Европанын, анан ичинде Германиянын базарларына  жеткирүү. 

Биздин продукциялардын сапатын эл аралык тастыктоо маселесин чечүү негизги маселе бойдон калууда.

Бул үчүн Кыргызстанда логистикалык борборлорду түзүү зарыл.

Биз биргелешкен долбоорлорду ачууга жана германиялык жана бавариялык өнөктөштөр менен кооперативдерди түзүүгө максималдуу колдоо көрсөтөбүз.

Ушул күндөрү биз Германия кооперативдеринин улуттук союзу жана Кыргызстандын кооперативдер союзу ортосунда кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюу пландаштырылууда.

Бул биргелешкен долбоорлорду жана инновациялар менен  инвестицияларды ишке ашыруу үчүн укуктук негиз болот.

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Биз улуттук экономиканы толук масштабдуу модернизациялоо үчүн  германиялык алдыңкы технологияларды тартууга кызыкдарбыз.

Сиздер абдан жакшы билесиздер, азыркы кезде глобалдык экономикалык активдүүлүк борбору Азия континентине которулууда.

Биринчи кезекте бул Кытай менен Индиянын экономикалык өнүгүүсү менен  байланыштуу.

Кыргызстан өзүнүн географиялык жайгашуусу боюнча уникалдуу өлкө болуп саналат.

Бир тарабынан Кытай — жакын кошуна, башка жагынан ЕврАзЭБке мүчөбүз.

Биз бул эки глобалдык экономикалык зоналардын ортосунда көпүрө болуу мүмкүнчүлүгүнө ээбиз.

Аталган мүмкүнчүлүктү биргеликте ишке ашырууну сунуштайм.

Урматтуу достор,

Азыр биздин делегация өзүнүн бет ачарын сунуштайт.

Сиздер Кыргызстандын экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен тыкыр тааныша аласыздар.

Буга байланыштуу германиялык өнөктөштөрдү өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотууга жана  алдыга жылдырууга чакырам.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, биздин германиялык досторду биздин пикир алышууну улантуу үчүн  Кыргызстанга чакырам. 

Сөзүмдүн аягында бизнес-форумдун уюштуруучуларына дагы бир ирет ыраазычылык билдирем жана бардык катышуучуларга жемиштүү иштерди жана ийгиликтерди калайм.

2019-жыл 15-апрель Мюнхен