Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков таза суу боюнча долбоорлорду ишке ашыруудагы колдоосу үчүн өнүгүү боюнча өнөктөштөргө ыраазычылыгын билдирди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-майда, Бишкек шаарында «Аймактар үчүн Таза суу» Форумунда таза суу боюнча долбоорлорду ишке ашыруудагы колдоосу үчүн өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылыгын билдирди.

Бүгүнкү күндө «Таза суу» долбоорунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Евро Биримдиктин жана Швейцария Конфедерациясынын колдоосу менен республикадагы жыйырма шаарыбызда 11,2 млрд сом өлчөмүндөгү ири долбоорлор ишке ашырылып жатат.

Мындан тышкары, ЕБРР, ЕС жана Швейцария Өкмөтү тарабынан 2019 - жылдан баштап, шаарлардан тышкары, айыл жерине да инвестиция тартуу жаӊыдан башталганы турат.

Президент ошондой эле айыл жерин ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселесинде жардамы үчүн Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, Катар кайрымдуулук фонду, Ас-Сафа жана Ас-Салам фонддоруна ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы баса белгилегендей, акыркы эки жылда бул маселени чечүү үчүн бир топ чечкиндүү иш аракеттер жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы кабыл алынып, анда калкыбызды таза суу менен камсыздоо - приоритеттүү багыт катары аныкталды. Ага ылайык Өкмөткө 2023-жылдын аягына чейин калктуу конуштарды 100 пайыз таза суу менен камсыздоо милдети коюлду.

Ага ылайык Өкмөткө 2023-жылдын аягына чейин калктуу конуштарды 100 пайыз таза суу менен камсыздоо милдети коюлду.

2019-жыл 23-май