Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин чакан курамындагы жыйынына катышууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-майда, Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) мааракелик жыйынына катышууда.

Учурашуу жана сүрөткө түшүү аземдеринен кийин ЖЕЭК Жогорку кеңешинин мүчөлөрү чакан курамда жолугушууга кетишти, анын жүрүшүндө ЖЕЭК алкагында интеграцияны мындан ары тереңдетүү боюнча чараларды талкуулоо пландалууда.

Андан соң мамлекет башчылары Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына кеңири курамда катышышат.

2019-жыл 29-май Нур-Султан