Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр Нарендра Модинин инаугурация аземине катышуу үчүн Индияга учуп кетти 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-майда, Индия Республикасынын Нью-Дели шаарына Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен анын инаугурация аземине катышуу үчүн учуп кетти.

31-майда, Мамлекет башчысы Эки Ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү, Сауд Арабия Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруусу менен Сауд Арабияга учат жана Мекке шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине катышат. 

Ислам кызматташтык Саммитинин кезектеги сессиясы Уюмдун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналып, «Келечек үчүн бирге» чакырыгы астында өтөт.

2019-жыл 30-май