Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Жеке өзүмдүн атымдан жана Азербайжан элинин атынан чын жүрөктөн Сизди жана өлкөнүн баардык мусулмандарын моралдык жана этикалык бийик баалулуктарды даңазалаган Рамазан майрамы менен куттуктайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Азербайжандын Президенти Президент Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук жана бакыт, ал эми бир тууган Кыргызстандын элине тынчтык жана өнүгүп-өсүүнү каалады.

2019-жыл 5-июнь