Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Иорданиянын Королу Абдулла II Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Иорданиянын Королу Абдулла II Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Эйд Аль-Фитр (Орозо-Айт) майрамына байланыштуу Иордания Хашимат Королдугунун эли жана Өкмөтү мага кошулуп, чын жүрөктөн чыккан каалоолорду жолдойт. Сизге ден соолук жана бакыт, ал эми боордош Кыргызстан элине мындан аркы гүлдөп өнүгүүнү каалайбыз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2019-жыл 5-июнь