Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Орозо Айт майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Ушул ыйык майрамдын Ислам ааламына жана бүткүл дүйнөгө тынчтык жана бейпилдик алып келишин тилеймин. Учурдан пайдаланып Түркия элинин жана өзүмдүн атыман Сизге ден соолук жана бакыт, ал эми боордош кыргыз калкына бакубат жашоо, амандык жана баардык жакшылыктарды каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2019-жыл 5-июнь