Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков өнөр жай жана ишкердик боюнча комитеттин ишмердигинин негизги артыкчылыктуу багыттарын белгиледи

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда, өнөр жай жана ишкердик боюнча комитеттин биринчи отурумунда анын негизги артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

Мамлекет башчысы бизнес жана мамлекеттин ортосунда мазмундуу баарлашуу болгонун, ишкерлердин эң курч маселелери айтылганын жана жакынкы келечекке артыкчылыктуу багыттар белгиленгенин канааттануу менен белгиледи.

«Көтөрүлгөн маселелердин бардыгы комитеттин биринчи отурумунун жыйынтыктоочу чечимине кирет. Өнөр жайды өнүктүрбөстөн биз жаңы жумушчу орундарды түзүп, бюджеттин көлөмүн көбөйтө албайбыз, биз буга өзгөчө көңүл бурушубуз керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент белгилегендей, кээде айрым мамлекеттик органдар жетишерлик аракеттерди көрбөй, бизнес-коомчулуктун маселелерин чечүүдө тоскоолдуктарды жаратууда.

Ал өзгөчө укук коргоо жана фискалдык органдар тарабынан жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын баса белгиледи. Ошол эле маалда Мамлекет башчысы бизнес тарабынан салык төлөбөгөн фактыларына да токтолду.

«Биз бул сыяктуу көрүнүштөрдү токтотушубуз керек. Бизнес аталган маселелерге жоопкерчилик менен мамиле жасап, социалдык маселелерди чечүүгө, врачтардын жана мугалимдердин айлык акысын жогорулатууга көмөк көрсөтүшү керек» — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал кошумчалагандай, чет элдик каражаттарды тартуудагы негизсиз кечигүүлөр боюнча конкреттүү фактылар бар жана буга карата мамлекеттик органдарды өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Сооронбай Жээнбеков өлкөдө орто жана чакан ишкердикти колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар, анын ичинде «Кепилдик фонду» ААК уставдык капиталын жогорулатуу жана РСК-банкынын кайра профилдештирүү жакынкы келечекте экспортко багытталган ишканаларды колдоого багытталгандыгы тууралуу айтып берди.

Ал коңшу өлкөлөр менен, анын ичинде  ЕАЭБ алкагында дагы ата мекендик азыктарды экспортко чыгаруу көйгөйүн чечүү боюнча туруктуу негизде сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгиледи. Кыргызстан өзүнүн сапаттуу жана экологиялык таза азыктары менен рынокто атаандаштык түзө алат.

Президент Сооронбай Жээнбеков  белгилегендей,  талкууланган бардык маселелер боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыгат, аны ишке ашыруунун жыйынтыктары комитеттин кийинки жыйынында каралат.

2019-жыл 24-июнь