Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөштү

Бүгүн, 25-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөштү.

Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевге Казакстандын Түркстан облусунун Арыс шаарындагы абалга байланыштуу колдоо сөздөрүн билдирди.

Ал Кыргызстан өзгөчө кырдаалды жоюуда жардам берүүгө даяр экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, жабыркагандарга тез сакайып кетүүсүн каалады.

2019-жыл 25-июнь