Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

2018-2019-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн жогорку окуу жайларында окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) Президенттик стипендияга ачык конкурс жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-июнундагы № 124 “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) Президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгына ылайык, мыкты окуусун изилдөөчүлүк иш жана активдүү коомдук иш менен ийгиликтүү айкалыштырып айырмаланган студенттерге (курсанттарга) финансылык колдоо көрсөтүү максатында 2018-2019-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) Президенттик стипендияны ыйгаруу боюнча ачык конкурс жарыяланат.

Бул конкурска байланыштуу бардык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине (+312) 662842, 620465 телефондору боюнча кайрылууну өтүнөбүз.

 

2019-жыл 26-июнь