Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 20-июнунда кабыл алынган.
Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда келип чыгуучу мамилелерди укуктук жөнгө салууну жакшыртуу максатында кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамына бир топ маанилүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.