Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда, Казакстандын Туңгуч Президенти — Элбашы Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сооронбай Жээнбеков сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук жана узун өмүр каалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Нурсултан Назарбаевдин өлкөлөр ортосундагы бир туугандык мамилелерди союздаштыктын, стратегиялык өнөктөштүктүн жана ынак коңшулуктун духунда өнүктүрүүдөгү жана тереңдетүүдөгү ролун белгиледи.

2019-жыл 6-июль