Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландарды иштеп чыгууга киришти

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы антикоррупциялык иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында коррупциялык коркунучтарды иликтөөгө киришти.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу аймактык органдарында жүргүзүлгөн мониторинг жана абалды анализдөөнүн негизинде Кыргыз Республикасынын бардык облустары жана Бишкек, Ош шаарлары үчүн антикоррупциялык пландарды иштеп чыгууну пландаштырууда.

Азыркы учурда Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын эксперттери Ош жана Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ишмердигинин анализин жүргүзүп жатышат.

Муну менен биргеликте 2019-жылдын 22- жана 23-июлунда Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Жалал-Абад жана Ош шаарларында жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн семинарларды өткөрүшкөн.

Бул семинарларда жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жетекчилери мамлекеттик органдардын ишинде коррупциялык коркунучтарды жана схемаларды аныктоо жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ишмердигинде коррупцияны максималдуу жоюуга багытталган антикоррупциялык пландарды мониторинг кылуу жана ишке ашыруу, иштеп чыгуу ыкмасы боюнча окуудан өтүштү.

Жүргүзүлгөн жумуштун алкагында Коопсуздук кеңешинин катчылыгы 2019-жылдын октябрь айынын аягына чейин ушундай окууларды Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүүнү пландоодо.

2019-жыл 23-август