Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Халиф бин Заед Аль-Нахайян Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Халиф бин Зайед Аль-Нахайян Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Сиздин өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу Сизди куттуктоо жана чын дилден чыккан каалоолорумду билдирүү мага зор канааттануу тартуулайт. Ошондой эле ушул окуяга байланыштуу бир тууган БАЭ элинин кубанычын Кыргызстан элине билдирип коюуну өтүнөм.

Сизге бекем ден соолук, бакты-таалай жана ийгилик, ал эми Кыргызстандын биз менен дос элине мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү жана бакубатчылык каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле вице-президент, БАЭ Премьер-министри, Дубайдын Башкаруучусу Мохаммед Бин Рашид Аль Мактум жана Абу Дабинин мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары Мохаммед Бин Заед Аль Нахаян да куттуктоолорун жөнөтүшкөн.

2019-жыл 31-август