Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Болгариянын Президенти Румен Радев Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Болгария Федеративдүү Республикасынын Президенти Румен Радев Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Улуттук майрам — Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу Сизге жана Кыргыз Республикасынын элине чын дилимден чыккан куттуктоомду жолдоо менен тынчтык жана бакубатчылык каалайм. Биздин эки өлкөнү салттуу достук мамилелер байланыштырып турат, келечекте эки өлкөнүн бакубатчылыгы үчүн мындан ары дагы жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүү улантылат», — деп айтылат Румен Радевдин куттуктоо телеграммасында.

Ал Президент Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми кыргыз элине — тынчтык жана өсүп өнүгүүнү каалады.

2019-жыл 31-август