Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков КМШ МБК жыйынына катышууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйынына катышып жатат.

Жыйында Шериктештиктин алкагында кызматташууну тереңдетүү маселелери талкууланууда.

Андан соң КМШ мамлекеттеринин башчылары кызматташуунун актуалдуу маселелерин кеңейтилген курамда талкуулашат.

2019-жыл 11-октябрь Ашхабад