Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэге “Хагибис” тайфунунун кесепетинен адамдардын курман болгондоруна байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэге “Хагибис” тайфунунун кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
“Японияда көп сандаган адамдык курмандыктарга жана кыйроого алып келген “Хагибис” тайфуну жөнүндө кабарды абдан кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына азасын тең бөлүшүү менен көңүл айтам, ал эми бардык жабыр тарткандарга тез сакайып кетүүсүн каалайм”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

2019-жыл 14-октябрь