Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 31-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди Жаңы жылы жана Рождество майрамдары менен куттуктады.

Акыркы мезгилде кыргыз-россиялык стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыкты бекемдөө үчүн көп иштер жасалганын ырастады.

«Кыргызстандын эли Сиздин Кыргыз Республикасына мамлекеттик визитиңизди өзгөчө жылуу маанай менен эстейт, жетишилген келишимдер биздин өлкөлөрдүн жана элдердин бакубатчылыгы үчүн ийгиликтүү ишке ашырылууда», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчылары Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясында жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасында жарыяланган Кайчылаш жылынын алкагында алдыда өтө турган иш-чараларды талкуулашты.

2019-жыл 31-декабрь