Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Латип Жумабаев Президенттин Жогорку Соттун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Жумабаев Латип Пазылович ээлеген кызматынан бошотулду.

Эске салсак, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Латип Жумабаев Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланган.

2020-жыл 27-февраль