Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Ирандын Президенти Хасан Рухани Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Рухани Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Сизди байыркы Нооруз майрамынын кирип келиши, Жердин жандануу мезгили жана күн хижрасы календары боюнча 1399- жаңы жылдын башталышы менен чын дилимден куттуктайм.

Нооруз бул жылы, тилекке каршы, Иранга жана көптөгөн өлкөлөргө коронавирус инфекциясынын жайылышына туш келди. Мындай кооптуу вирус менен келген кризисти жеңип чыгууда биздин өлкөлөрдүн бири-бири менен күндөлүк мамилесин эске алуу менен кызматташуу мурда болуп көрбөгөндөй өтө зарылчылыкка айлангандыгы талашсыз. Демек, мындай агрессивдүү вирусту жеңүүдө дары-дармек жана дарылоо мүмкүнчүлүктөрүбүздү бириктирүү менен бири-бирибизге жардам берип, Нооруз майрамын эки элдин саламаттыгы менен жыргалчылыгын камсыз кылган салтанатка айландыруу максатка ылайык келет», — деп айтылат Иран Президентинин куттуктоосунда.

2020-жыл 21-март