Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Сизди жана боордош кыргыз элин биздин элдер үчүн ыйык болгон Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, эң жакшы каалоо-тилектеримди билдирип кетүүгө чын дилимден кубанычтамын.

Акыркы жылдардагы биргелешкен күч-аракеттер жана умтулуулардын натыйжасында өз ара колдоо, бекем достук, жакшы коңшулук алакага жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген мамлекеттерибиздин ортосундагы мамилелер эки өлкөнүн гана эмес, бүткүл Борбордук Азия чөлкөмүнүн жалпы кызыкчылыктарына жооп берерин өзгөчө белгилеп кетким келет.

Ушул кубанычтуу, жакшылык күндөрдө Сизге Кудайдан узак өмүр, бекем ден соолук жана үй-бүлөлүк бакыт, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана туруктуулук, барчылык жана бакубатчылык тилеймин», — деп белгиленет Өзбекстандын Президентинин куттуктоосунда.

2020-жыл 23-май