Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Ушул ыйык Майрам, учурдагы башыбыздан өтүп жаткан кыйын мезгилде Ислам ааламына жана бүткүл дүйнөгө тынчтык жана бейпилдик алып келишин каалоо менен, элимдин жана жеке өзүмдүн атыман Сизге ден-соолук жана бакыт, боордош кыргыз элинин бакубат жашоосу, амандыгы жана бейкутчулугу үчүн эң жакшы тилектеримди дагы бир жолу кайталайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2020-жыл 23-май