Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгү оптимизацияланды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин чечимдерин ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана аталган Кеңештин бир катар мүчөлөрү тарабынан жүктөмү азыраак айрым жергиликтүү соттордун штатын кыскартуу жана аларды көбүрөөк жүктөм жүктөлгөн сотторго берүү аркылуу соттордун штаттарын оптималдаштыруу боюнча сунуштар киргизилген.

Сунуштарды кылдат иликтеп чыккандан кийин жана аларды этап-этабы менен ишке ашыруу, соттордун жүктөмүнө эсептөө  жана алардын ишин оптималдаштыруу максатында бул сунуштар Мамлекет башчысы жана мыйзамдын тиешелүү долбоорун демилгелеген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир катар депутаттары тарабынан колдоого алынган.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым депутаттары тарабынан «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун штаттык санын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынышы демилгеленген, ал 2020-жылдын 9-июнунда күчүнө кирген.

Бул мыйзам жүктөмү азыраак айрым жергиликтүү соттордун штатын кыскартуу жана аларды көбүрөөк жүктөм жүктөлгөн сотторго берүү аркылуу соттордун штаттарын оптималдаштырууну карайт.

Мында жергиликтүү соттордун судьяларынын жүктөмүн теңдештирүүгө жана жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, ошондой эле судьяларды көбүрөөк оорчулук жүктөлгөн жергиликтүү сотторго ротациялоого өбөлгө түзөөрү болжолдонууда.

Аталган мыйзамга ылайык, КР Судьялар кеңеши белгиленген тартипте тиешелүү жол-жоболорду ишке ашырган жана 2020-жылдын 12-июнунда жергиликтүү соттордун 48 судьясын которуу (ротациялоо) тууралуу чечим кабыл алган жана аны андан ары Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна сунуштаган.

Судьяларды которуу (ротациялоо) маселеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 6-бөлүгү жана «Кыргыз Республикасынын сотторунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 23-беренеси менен жөнгө салынган.

Жогоруда аталган конституциялык мыйзамдын 23-беренесинде тиешелүү тартип аныкталган, анын ичинде судьялардын штаттык санын өзгөртүү сыяктуу аныктама белгиленген.

Бул учурда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши судьялардын штаттык бирдиктери бериле турган сотторго которууга (ротациялоо) тиешелүү пикирлерин угат. Судьялар кеңешинин судьяларды которуу (ротациялоо) боюнча чечими бардык жагдайларды жана алардын жаңы иш ордунда иштөө мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен кабыл алынат.

Мында белгилүү бир мөөнөткө дайындалган жергиликтүү соттордун судьяларын которуу (ротациялоо) алардын ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтөрү боюнча жүзөгө ашырылат.

Судьяларды которуу (ротациялоо) жөнүндө чечим Судьялар кеңеши тарабынан кабыл алынат жана тиешелүү жарлыкты чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтүлөт.

Жогоруда белгиленгендерди эске алып, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Кеңеш тарабынан сунушталган судьялардын талапкерлигин өлкөнүн тиешелүү жергиликтүү сотторуна которуу тууралуу тиешелүү жарлыктарды чыгарды.

Жарлыктар менен судьялардын штаттык саны өзгөргөндүгүнө байланыштуу жергиликтүү соттордун иштеп жаткан айрым судьяларынын ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүн төмөнкү жергиликтүү соттордо жүргүзүү үчүн токтом кылынат: 


Бишкек шаары:


— Бишкек шаардык сотуна:

Азимжанов Мадамин Низамидинович Баткен облустук сотунан;

Динеев Мирад Сагынбекович Чүй облусунун Чүй райондук сотунан; Омуралиева Анара

Медербековна Ысык-Көл облустук сотунан;


— Биринчи май райондук сотуна:

Айдаралиева Венера Калмуратовна Талас облусунун Манас  райондук сотунан;  

Акылбекова Жамиля Дилдебековна Чүй облусунун Жайыл райондук сотунан;

Бекенов Туратбек Орозбаевич Ысык-Көл облусунун Тоң  райондук сотунан;

Бекишова Махабат Таныбековна Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунан;

Болотбаев Мелис Жаныбекович Ысык-Көл облусунун Түп  райондук сотунан;

Жумагулова Жылдыз Таалайбековна Талас облустук сотунан;

Ибраимов Нурдин Жолдошмаметович Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунан;

Медеров Азирет Баратович Талас облусунун Талас шаардык сотунан;  

Сайдылдаева Жылдыз Бейшеналиевна Чүй облусунун Панфилов  райондук сотунан;

Сатарбек уулу Мирбек Чүй облусунун  Кемин райондук сотунан;

Сатимкулов Убайдулла Акилбекович Ысык-Көл облустук сотунан;

Турсунбеков Таалайбек Турсунбекович Чүй облусунун Жайыл райондук сотунан;

Уметалиева Чолпонай Маматовна Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык  сотунан;

Эсенгулова Асел Токтакуновна Талас облусунун Кара-Буура  райондук сотунан;


 Ленин райондук сотуна:

Бердыбаев Бакбуркан Асанканович Нарын облусунун Ат-Башы райондук сотунан;

Иманалиева Айнура Касымбековна  Талас облустук сотунан;

Калыбеков Урмат Анварбекович Нарын облусунун Нарын райондук сотунан;

Усупбекова Назира Токтомуратовна Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык  сотунан; 


— Свердлов райондук сотуна:

Айдыралиева Айсейил Абдыкадыровна Нарын облусунун Жумгал райондук сотунан;

Алымкулов Айдарбек Бекишович Бишкек шаарынын административдик сотунан;

 Мамбетов Элдияр Асантурович Нарын облусунун Кочкор райондук сотунан;


— Октябрь райондук сотуна:

Абдыкадыров Куралбек Амантаевич Бишкек шаарынын административдик сотунан;

 Абылкасымова Гулнара Абдымыктаровна Талас облусунун Талас райондук сотунан;

 Эгембердиева Ойниса Муратхановна Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунан.


Жалал-Абад облусу боюнча:


— Жалал-Абад шаардык сотуна Кангелдиев Калыйнур Ратбекович Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунан;


— Сузак райондук сотунаЖантөрөева Элнура Мурадиловна Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунан.


Ош облусу: 


— Ош шаардык сотуна:

Алибаев Бактыяр Маликович Баткен облустук сотунан;

Алимбекова Жылдыз Кубанычовна Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунан;

Кожомкулов Алайбек Рамазанович Ош облусунун Алай райондук сотунан;

Маматалиев Таалайбек Ажибекович Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык сотунан;

Маматов Темирбек Тайырбекович Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунан;

Раимкулов Эрмек Раимкулович Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунан;

Токтосунов Тилек Калыкович Ош облусунун Кара-Кулжа райондук сотунан;

Турдалиев Ниязбек Назарович Баткен облусунун Лейлек райондук сотунан;

Шайымбеков Рахматулла Амирбаевич Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык сотунан;


— Кара-Суу райондук сотуна:

Гуламидин уулу Элчибек Баткен облусунун Сүлүктү шаардык сотунан;

Маматов Куштарбек Иссаевич Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук сотунан;

Сарыбаев Бакыт Абдылдаевич Ош облусунун административдик сотунан.


Чүй облусу:


— Аламүдүн райондук сотуна:


Жумаков Жаныбек Темирбекович Нарын облусунун Ак-Талаа райондук сотунан;

Малдыбаев Нурлан Малдыбаевич Нарын облустук сотунан;

Мелсов Женишбек Мелсович Нарын облустук сотунан;

 Султаналиев Нурлан Туруспекович Чүй облусунун  административдик сотунан;

Чоткараев Тилек Устабаевич Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук сотунан;


— Сокулук райондук сотуна

Асанов Эрлан Джекшенбекович Чүй облусунун  административдик сотунан; 


— Ысык-Ата райондук сотунаКурманов Ашырбек Такишович Чүй облусунун  административдик сотунан.

2020-жыл 23-июнь