Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 29-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Гурбангулы Бердымухамедовду туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, бакты-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишмердигине жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош Түркмөнстан элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Мамлекет башчылары кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын келечектүү маселелерин талкуулашты, ошондой эле эки тараптуу өз ара кызматташууну арттыруу боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.

2020-жыл 29-июнь